Кирүү

Колхоздорду авансылоо

Колхоздорду авансылоо - даярдоо уюмдары жана ишканалары контрактация келишими боюнча айыл чарба продукциясы менен чийки затын сатып алууда колхоздорго алдын ала берүүчү акча. Колхоздорду авансылоо алардын өндүрүштүк сарпын, анын ичинен эмгек акы чыгымын акча менен камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Бул айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жана мамлекетке сатууда к-здордун жана колхозчулардын материалдык кызыгуусун арттырат. Чарбаларга аванс контрактацияланган продукция наркынын 30%, экономикасы начарларга 40% өлчөмүндө төлөнөт.

Бул үчүн даярдоо уюмдары банктан кредит алат. 1-январга чейин даярдоочу уюмдар айыл чарба продуктуларын контрактациялоо жөнүндөгү колхоздор менен түзгөн келишимдеринин реестрлерин банкка беришет. Ар бир чарбага берилүүчү авансынын жалпы суммасы, кайсы мөөнөттө бериле тургандыгы ал реестрде ачык көрсөтүлөт. ССРБ МСинин 1965-жылы 17-декабрдагы "Колхоздорго кредит берүүнү жакшыртуу жөнүндөгү" токтомуна ылайык колхоздор кредитти түздөн-түз банктан алат. Азыр кредит сезондо жетишпеген каражатты толуктоо үчүн берилет.

Ой-пикирлер