Кирүү

Алма гүл жегичи

Алма гүл жегичи - катуу канаттуулар түркүмүнүн шиш тумшуктуулар тукумундагы коңуз. Узундугу 5 ммдей кара боз, канаты катуу, үстүндө эки кыйгач жолчосу бар. Европанын бардык жеринде, Азия, Түндүк Америкада кезигет. Алманын, кээде алмуруттун богокторун жеп зыян келтирет. Дарак кабыгынын жаракаларында, топурактын астында жана башка кыштайт. Жазында бүчүр көбө баштаганда коңуздар алма дарагынын шактарына жармашып, богокту тешип, жумуртка (45тен, эң көбү 114) таштайт.

Личинкасы богоктун ичинде гүлдүн аталык, энеликтерин жеп, желекчелерин бузат. Личинкасы куурчакчага айланып, андан жаш коңуз чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: Алма гүл жегичинин кыштаган жеринде жок кылуу (куураган кабык, жалбырактарды тазалоо, жаракаларын бүтөө, тоңдурма айдоо); жумуртка таштаарда инсектицид чачуу.

Ой-пикирлер