Кирүү

Көп жылдык шалы

Көп жылдык шалы - жапайы шалыдан өсүмдүктөр тукумунун шалы уруусундагы көп жылдык, тамыр сабактуу суу өсүмдүк. Сабагы түз, сейрек бутактуу, чачык тамырлуу. Бир нече сабагы биригип, бир түп шалыны (бийиктиги 3 метр) түзөт. Жалбырагы (узундугу 2,5 метр, жазылыгы 3- 4 сантиметр) ичке, тасма сымал. Топ гүлү - машакча (узундугу 60 сантиметр). Жашылча өсүмдүгү катары (жаш өркүндүн түп жагы) пайдаланылат. Мурунку ССРБ нин аймагында жапайы түрү Ыраакы Чыгышта суу жээктеринде өсөт. Краснодар крайында, Волгоград, Куйбышев облусунда тоют үчүн атайын эгилме түрү өстүрүлүп, 1 гектар жерден 50-90 тонна көк бакал же 10-18 тонна кесек тоют алынат. 100 килограмм чөбүндө 40-50 тоют бирдиги, 100 килограмм силосунда 17 тоют бирдиги болот.

Ой-пикирлер