Кирүү

Жылкы

Жылкы - жылкылар тукумундагы ай туяктуулар уруусу. Сымбаттуу, ири (дене узундугу 2,5 метр, ыйык жалынан бийиктиги 1,6 метр) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлуу. Жүнү коюу, жал куйругу узун. Азуулары жалпак төрт чарчы келип, чөп чайноого ыңгайлуу. Жапайы жылкы мурда Европа, Азия жана Африкада кездешип, талаа, чөл жана жарым чөлдүү жерлерде үйүрү менен жашаган. Жылкынын 7 түрү бар. Алар 4 уруучага биригет: кадимки жылкы (Пржевальский жылкысы, тарпан, бакма жылкы), эшек, кулан, зебр. ССРБ де бакма жылкы жана эшектен башка кулан да кезигет.

Тарпандын тукуму курут болгон. Жапайы жылкы дээрлик жок болуп бараткандыктан азыр коргоого алынган. Бакма жылкы бардык континентте (Антрактидадан башка), дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт (кымыз даярдалат) жана башка алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Жылкыны колго үйрөтүү биздин заманга чейинки 4 миңинчи жылдарда башталган. Жылкынын 200дөн ашык породасы бар. Алар тиби, экстерьери, чоң-кичинелиги, иштемчилдиги боюнча айырмаланып, бир нече топко бөлүнөт.

Мисалы, оор жүкчүл (владимир, арденна, брабансон жылкылары жана башка ), миңги (будённый, терек, тракенен жылкылары жана башка ) жана башка породалары. Азыркы жылкы породаларынын ыйык жалынан бийиктиги 50-185 сантиметр, салмагы 60-1500 килограмм. Угуу, көрүү, жыт алуу органдары жакшы өөрчүгөндүктөн аны үйрөтүү жана көнүктүрүүгө оңой. Жылкы жыныстык жактан кунанында жетилет да, быштысында үйүргө кошулат. Бээ 11 ай көтөрүп жалкы кулун тууйт. Кулунун 5-6 ай эмизип, күнүгө 11 -15 литр сүт берет. Жылкы 25-30 жыл жашайт; этинде 18-20% белок, 6-8% май болот. 1981-жылы ССРБ де 5,6 миллион, Кыргызстанда 1986-жылы 283 миңден ашуун жылкы болгон.

Жылкы асыроо

Жылкы асыроо - климаттык шартка, ошондой эле чарбага ылайык жылкы асыроонун ар түрдүү ыкмасы колдонулат. Негизги 3 ыкмасы бар: колдо, жайытта, колдо-жайытта багуу. Жылкыны асыроодо асыл тукум жылкынын ар бири өзүнчө акырда, унаа жылкылар атканада багылып, атканалар нымдуулугу, жарыктанышы, аянты, жылуулугу боюнча негизги зоогигиеналык талаптарга ылайык жабдылат. Айгырынын акырынын аянты 12-16 чарчы/метр, бээлериники 14 чарчы/метр, тай-кунандарыныкы 9 чарчы/метр кем болбоого тийиш. Колдо багылган жылкынын жашына, аткарган жумушуна, ошондой эле жыл мезгилине жараша күн тартиби түзүлөт.

Анда жылкыны сугаруу, тоюттандыруу, тазалоо, ишке пайдалануу, машыктыруу жана иш күнүнүн жалпы мөөнөтү чектелет. Тукумдук айгырлар жылдын жылуу убагында көпчүлүк учурда, кышында 3-4 саат сыртка чыгарылат. Миңги жана таскактуу айгырлар менен күнүгө 7-15 чакырым жол жүрүү же 1 -1,5 саат арабага кошуу пайдалуу. Бээлер жайында жайытта болуп, кышында суткасына 4-5 саат сыртта кармоо же 5-7 чакырым жерге ар кандай жүрүш менен айдоо керек. Тай-кунандар жайкысын жайытта, кышкысын колдо 15-20 дан үйүргө бириктирилип багылат.

Жылкыны туура эмес тоюттандыруу жана сугаруу аларды жаталак бутка түшмө (опой), ич өткөк ылаңдарына чалдыктырат. Жылкыны колдо-жайытта багууда айгырлары жайкысын жайытта, кышкысын 20- 40 баштан акырлуу атканаларда асыралат. Бээлер менен тай-кунандар жыл маалы жайытта багылат. Кышкысын жем, чөп берилет. Жылкыны жайытта багуу жылкы асыроонун эң байыркы жана эң жеңил ыкмасы. Мында жылкынын бардык түрү жыл маалы жайытта багылат.

Ой-пикирлер