Кирүү

Муунак курттар

Деңизде, тузсуз сууларда жана топуракта жашайт. Түрдүү чоңдукта, узундугу бир нече сантиметрден 3 метрге чейин. 9 миңге жакын түрү бар. Көп түктүүлөр же полихеттер, аз түктүүлөр же олигохеттер классындагы муунак курттар балыктардын азыгы. Сөөлжан топуракты аралаштырып, ага аба менен нымдын сиңирилишине өбөлгө түзөт. Муунак буттуулар - омурткасыз жаныбарлардын саны өтө көп тиби. 1 -1,5 миллион түрү бар. Денеси сегменттелген хитин кабыктуу, буту муунактанган.

Жөнөкөй түзүлүштөгү рак сымал муунак буттуулар - балыктардын азыгы, татаал түзүлүштүүлөрү чарбачылык жаныбарлар К. жөргөмүштөр, кенелер, уулуу жаныбарлар, көп аяктуулар, курт-кумурскалар, пайдалуу курт-кумурскалар. Моллюскалар же жумшак денелүүлөр - омурткасыз жаныбарлар тиби. Көбүнүн денеси раковина (каңылтыр) менен капталган. 130 миңдей түрү бар. Деңизде, сууда жана кургак жерде жашайт. Көп түрлөрү балык, куш жана сүт эмүүчүлөрдүн азыгы. Кээ бирлеринен бермет алынат, айрым кургакта жашоочулары айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Кээ бири кеменин суу алдындагы бөлүгүн, гидротехникалык курулмаларды бузат. Ийне терилүүлөр - деңизде жашоочу омурткасыз жаныбарлар тиби.

Денеси симметриялуу, аз кыймылдуу. 6 миңге жакын түрү бар. Айрымдары (деңиз кирписи, голотурия) чарба объектиси. Кээ бир жырткыч деңиз жылдыздары чарбалык моллюскаларды жейт, айрымдары балыктардын азыгы. Хордалуулар - жаныбарлардын өтө татаал түзүлүштүү өзгөчө тобу. Алар - эки жактама симметриялуу, скелети хорда же омуртка түркүгүнөн турган, борбордук нерв системасы бар жаныбарлар. Сууда, кургак жерде, топуракта, абада кездешет: 40 миңдей түрү бар. (анын ичинде 38 миңге жакыны - омурткалуулар). Омурткалуулардын 7 классы бар: оймок ооздуулар (минога, миксиндер), кемирчектүү жана сөөктүү балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр.

Балыктын 20 миңден ашык түрү белгилүү. Алардын эл чарбасында мааниси чоң. Сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 миңден ашык түрү бар; алар - жылан, кескелдирик, крокодил, таш бакалар. Таш баканын эти, жумурткасы тамак-ашка жумшалат, кескелдирик зыяндуу курт-кумурсканы жеп, пайдалуу. Сары жылан балыктын чабактарын жеп, зыян келтирет. Уулуу жыландар малга жана кишиге зыяндуу, ал эми уусу дарылык касиетке ээ. Крокодил жана жыландын терисинен чемодан, сумка жасалат. Канаттуулардын 9 миңдей түрү белгилүү.

Алардын айыл чарбачылык мааниси бар, ошондой эле кээ бири зыяндуу курт-кумурска, кемирүүчүлөрдү жок кылат. Сүт эмүүчүлөрдүн 4 миңге жакын түрү бар. Алардын сырткы түзүлүшү жана чоңдугу ар түрдүү; дене узундугу 4 сантиметр, салмагы 1,2 граммдан (кемирүүчүлөрдөн -кидикактиш), бийиктиги 4,5 метр, салмагы 7,5 тоннага чейин (Африка пили), ал эми сууда жашоочуларыныкы узундугу 33 метр, салмагы 150 тоннага чейин (көгүлтүр кит) жетет. Буларга курт-кумурска жечүлөр, жарганаттар, кемирүүчүлөр, жырткычтар, калак буттуулар, кит сымалдар, ача туяктуулар, сыңар туяктуулар, приматтар кирет.

Айыл чарбасында асыралуучу малдын көбү - сүт эмүүчүлөр. Айрым сүт эмүүчүлөр (кемирүүчүлөр) айыл чарбасынын, токой чарбасынын зыянкечтери, көбү малдын ылаңын жана кишинин оорусун козгогучтарды алып жүрүүчүлөр жана таркатуучулар. Кыргызстанда омурткалуу жаныбарлардын 500 дөн ашык түрү жашайт. Омурткасыз жаныбарлар изилденүүдө. Курт-кумурска менен кенелердин 3171, балыктардын 49, жерде-сууда жашоочулардын 3, сойлоочулардын 25, канаттуулардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83 түрү Кыргызстандын аймагын мекендейт.

Ой-пикирлер