Коңуз баш
Коңуз баш - коңуз баштар тукумундагы бадал сымал өсүмдүк. Бутактары төшөлө өсөт. Жалбырагы тегерек, сүйрү, жан жалбырактары тикендүү. Ак же күлгүн кызыл чоң гүлдүү. Мөмөсү саадак сымал жемиш, сулпу кызгылт. Крым, Кавказ, Орто Азия, Түндүк Африканын күнөстүү таштак жерлеринде эгилет. Коңуз баштын ачыла элек гүл богогу, айрым учурда жаш мөмөсү туздалып, уксус менен маринаддалып, тамак-ашка татымал катары пайдаланылат. Мөмөсү желет. Мөмөсүндө 18% дай белоктуу зат, 36% май бар.
- Агрардык өнөр жай комбинаты
- Кушум жылкысы
- Жайылма - суу бөлүгү
- Күрөк чарба шайманы
- Агрохимиялык анализ тушунугу
Ой-пикирлер