Кирүү

Жер кодекси

Жер кодекси - ССРБ де жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамды системалаштырылган актысы болгон. Ал В. И. Лениндин жетекчилиги менен түзүлүп, 1922-жылы 30-октябрда (9-шайланган ББАКтын 4-сессиясында) кабыл алынган. Анын негизинде дыйкандардын жерге болгон укугу жөнгө салынган. В. И. Ленин: "Жер жөнүндөгү маселе элдин орчундуу көпчүлүгүнүн турмушу жөнүндөгү маселе, биз үчүн түпкү маселе"- деп көрсөткөн. Кыргыз АССРинде биринчи жолу 1924-жылы жерди пайдалануу жөнүндө жобо кабыл алынган. РСФСРде 1970-жылы 1-июлда, Кыргыз ССРинде 1971-жылы 2-июлда жер кодекси жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынган.

Анда ССРБ деги жер мамилелеринин негизи болуп эсептелген мамлекеттик жер менчигинин мааниси, айыл чарбасын, ошондой эле эл чарбасынын бардык тармагын өнүктүрүүдө жер башкы каражат катары кызмат кылары айтылып, бирдиктүү жер фондусу аныкталган, анда жердин айрым категорияларынын укук режими көрсөтүлүп, мамлекеттик жер кадастры, жерге жайгаштыруу, жер талаштарын чечүү тартиби, жер закондорун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.

Ой-пикирлер