Кирүү

Кучугур кою

Кучугур кою - эт-жүн багытындагы кылчык жүндүү кой породасы. XIX кылымдын аягы -XX кылымдын башында мурдагы Воронеж губерниясынын Кучугур кыштагында жергиликтүү кылчык жүндүү койлор волош койлору менен аргындаштырылып чыгарылган. Ал кийин англиялык породадагы койлор менен аргындаштырылып жакшыртылган. Куйругу узун (кочкорунуку 50-62, соолугунуку 40-52 сантиметр), салмагы 15-18 килограмм. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 70-80 килограмм (айрымдары 145 килограммга жетет), соолугунуку 55-65 килограмм (айрымдары 80 килограммга жетет). Жүнү кылчык, бир кылка эмес. Жазгы кыркылган жүнүнүн узундугу 15-19 сантиметр. Кочкорунан 4,5-6,5, соолугунан 3,0-4,5 килограмм жүн кыркылат. Ар 100 соолугунан 120-130 козу алынат.

Ой-пикирлер