Кирүү

Камдалуу тетиктер

Камдалуу тетиктер - машинанын иштөө учурунда бузулуп же жешилген тетиктерин алмаштыруу үчүн мурда даярдалып коюлган механизм жана тетиктер. Орустардын "запчасть" деген сөзү ушундан пайда болгон. Камдалуу тетиктерди завод машинага негизги тетиктердин өлчөмдөрүнө дал келгендей кылып даярдайт. Чыгарылган машиналардын иштөө процессинде бузулган тетиктерин алмаштыруу үчүн камдалуу тетиктердин номенклатурасы жана керектөө нормасы белгиленет. Мында машинанын иштешин үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнү камсыз кылып, ремонт иштери тез бүткөрүлүп, ремонттоо наркы арзан болот.

Ой-пикирлер