Кирүү

Бышуу, мөмөдө, уруктарда

Бышуу - уруктун жана мөмөнүн бышуусу - мөмөдөгү морфологиялык, физиологиялык, биохимиялык өзгөрүүлөр жыйындысы; натыйжада түйүлдүк толук калыптанып, азык заттар топтолот, мөмө коргону калыптанат. Бышуунун аягында көпчүлүк өсүмдүктөрдө уруктун нымдуулугу азайып, өсүмдүк сиңирген заттар татаал заттарга - крахмал, белок, майга айланат. Толук бышкандан кийин урук тыныгуу абалына өтөт.

Мисалы, дан өсүмдүктөрдө бышуунун үч фазасы бар: сүт, дүмбүл жана толук бышуу. Уруктун сүт кезинде өсүмдүктүн төмөнкү жалбырактары саргайып, ортоңкулары жаңыдан саргая баштайт; уругу - көк түстө, сыкканда сүттөй коймолжун суюктук чыгат. Бышуунун дүмбүл фазасында өсүмдүк жалпы саргайып, уч жагы гана көк, уруктун өңү сары, ичиндеги заты жумшак, илээшчээк камыр сыяктуу болот.

Азык заттар урукка дүмбүл бышканга чейин топтолгондуктан, дүмбүл бышканда жыйналган эгиндин салмагы, сапаты жогору болот. Урук толук бышып жетилгенде өсүмдүк кургап, дан катуу абалга өтөт. Шире мөмөлүү өсүмдүктөрдө бышуу уруктагы өзгөрүүлөргө гана эмес, сулп мөмө коргонундагы өзгөрүүлөргө да жараша болот.

Ой-пикирлер