Кирүү

Биотехния илими

Биотехния - аңчылык кылынуучу жаныбарларды (негизинен сүт эмүүчүлөр жана куштар) табигый шартта көбөйтүү жана аларды рационалдуу пайдалануу жөнүндөгү илим. Биотехния иштеп чыгуучу негизги маселелер:

  1. аңчылык кылынуучу айбанат жана куштарды коргоо, багуу жана көбөйтүү;
  2. алардын жашоо шартын жакшыртуу;
  3. жапайы айбанаттарды аңчылык кылынуучу жайларга байыр алдыруу.

Биотехния ошондой эле сырткы чөйрөнүн жана адамдын чарбалык ишинин жапайы айбанаттарга көрсөткөн таасирин изилдейт, жапайы жаныбарларды (багыш, чаар бугу, марал жана башка) бакмалаштыруу ыкмасын, зыянкеч жаныбарларга (карышкыр, чөө, сүлөөсүн, момолой жана башка) каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгат.

Ой-пикирлер