Кирүү

Мал-жан импотенциясы

Импотенция - (лат. impotens - начардык, алсыздык) малда - эркек малдын тукум берүүгө жараксыздыгы. Ургаачы малдын кысыр калуу себептеринин бири. Импотенциянын 2 формасы: 1) эркек малдын куутка толук же жарым жартылай жараксыздыгы; 2) эркек мал куутка нормалдуу катышып, бирок уругу тукум берүүгө жараксыз болот. Импотенциянын кыйла көп учуроочу себептери - рациондо белок, витамин, макро- жана микроэлементтердин жетишсиздиги, моциондун жок болушу, борбордук нерв системасынын жана жыныс органдарынын оорушу, малдын карылыгы. Импотенция кээде тубаса да болушу мүмкүн. Дарылоо: симптомдук жана операциялык жол менен; гормон заттарын, дары каражаттарын колдонуу.

Ой-пикирлер