Кирүү

Дикроцелиоз ыланы

Дикроцелиоз - сүт эмүүчү айбанаттын боору менен өтүнүн гельминтоз ылаңы. Айбанаттын 70ке жакын түрү ылаңдайт. Адам да ооруйт. Дикроцелиоз ылаңы Кыргызстандын бардык райондорунда кездешет. Ылаңды dicrocoelium dentriticum мите курту козгойт. Узундугу 5-15 миллиметр, туурасы 1,1-2,5 миллиметр. Дикроцелиоз моллюск жана кумурска аркылуу таралат. Ылаңдын белгилери: мал арыктай баштайт, азыктуулугу азаят, кээде өлөт. Дарылоо: гетол, гетолин, гексихол, гексихол С жана фенбендазолду колдонуу. Каршы күрөшүү чаралары: жайыттагы моллюск менен кумурскаларды агротехникалык жана биологиялык ыкмалар менен жок кылуу; малды колдо кармоо.

Ой-пикирлер