Кирүү

Закатал коругу

Закатал коругу - Азербайжандын түндүк-батышында. Аянты 25,2 миң гектар. Башкы Кавказ кырка тоосунун түштүк тарабындагы табигый комплексти коргоо максатында 1930-жылы уюшулган. Деңиз деңгээлинен 3600 метрге чейинки бийиктикте кара жыгач, липа, ак чечек, каштан, грек жаңгагы аралаш өскөн эмен, бук жана граб (кайыңдын бир түрү) токойлору өсөт. Сейрек учуроочу мөмө - тисси, кавказ рододендрону бар. Дагестан тоо эчкиси, кавказ бугусу, европа элиги, бөкөн, доңуз, аюу, талаа суусары, кавказ улары, кавказ кара куру жана башка мекендейт.

Ой-пикирлер