Кирүү

Кочкор

Кочкор -бычылбаган эркек кой. Ал 4-5 айлыгында жетилет. Жетилгенде өзүнчө короого бөлүнүп, 7-8 жашка чейин куутка кошулат. Кочкор коюлчу козуга кочкорок кезинен көз салып, анын породасына, кунардуулугуна, дене түзүлүшүнө жана башка көңүл бурулат. Калтырылган кочкор козу кочкор кезинде (1,5 жашында) 50-100 кой куудурулуп, төл боюнча ага баа берилет. Колдон уруктандырууда бир кочкордун уругу 200-500 койго жетет. Кочкордун уругу дайыма текшерилип турат. Куут мезгилинде кочкор заводдук кондицияга жеткирилип, ортодон жогорку семиздикте (өтө семиз болбош керек) болот. Кочкордун рационунда протеин, витамин, минерал зат мол болууга тийиш. Куут учурунда кочкор күнүгө 5-6 саат жайытка чыгарылып, сергитилет.

Ой-пикирлер