Кирүү

Жашылча жуучу машина

Жашылча жуучу машина - жашылча-жемиштерди (помидор, бадыраң жана башка ) соода тармактарына өткөрөрдө жууйт. МПП -1,5 маркасындагы жашылча жуучу машина кабыл алгыч, барабан, ванна, транспортёр жана башкалардан турат. Жалпы рамасына суу соруучу насос орнотулат. Машинанын барабан, транспортёр, насосу кубат. 2,8 кВт электр кыймылдаткыч аркылуу иштейт. Саатына 2 тонна жашылча-жемиш жууйт.

Ой-пикирлер