Кирүү

Вибриоз ыланы

Вибриоз - негизинен уй, койдун жугуштуу ылаңы. Спираль сымал полиморфдуу микробу пайда кылат. Вибриоздун козгогучу 1913-жылы козу салган койдон, 1918-жылы музоо салган уйдан табылган. Ал козгогуч буканын спермасында, тубар уй менен койдун жыныс органдарында, музоонун, козунун чөбүндө жана башка ткандарда болот.

Вибриоз ылаңына чалдыккан уй кысыр калат, музоо салат, музоонун чөбү көпкө түшпөй, жатыны сезгенет, кой бооз мезгилинин 2-жарымында козу салат. Уйга инфекция куут мезгилинде ылаңдуу букадан алынган спермадан жугат. Кой негизинен жайытта вибриоз козгогучу менен булганган тоют жана суудан ылаңга чалдыгат. Инфекция булагы - ара туулган козу, козу салган койдун жатынынан чыккан сары суу. Алдын алуу жана дарылоо: ылаңдуу кой, уйду өзүнчө бөлүп дарылоо, мал короо-сарайларын дезинфекциялоо, ылаңга чалдыккан бооз уйга антибиотиктерди (пенициллин, экмановоциллин жана башкаларды) берүү.

Ой-пикирлер