Кирүү

Кургатуу системасын пайдалануу

Кургатуу системасын пайдалануу - кургатылуучу жерде мелиорациялык, агротехникалык жана уюштуруу иштерин комплекстүү жүргүзүү. Катуу системасын пайдаланууну туура жүргүзүп, түшүм алууга болот. Кургатуу системасын пайдалануу техника маңызын төмөндөгүлөр түзөт: кургатылуучу аймакта суу режимин башкаруу; канал, курулмаларды ремонттоо мөөнөтүн белгилөө; табигый фактордун кургатуу системасына тийгизген таасирине байкоо жүргүзүү; кургатылуучу жердин мелиорациялык абалын көзөмөлгө алуу, кургатуу системасын автоматташтыруу боюнча сунуштарды карап чыгуу.

Кургатуу системасын пайдаланууну мелиорация, суу жана айыл чарба адистери биргелешип жүргүзүшөт. Кургатуу системасын техника жактан туура тейлөө аварияны алдын алып, ремонт иштерин жана ага кеткен чыгымды азайтат. Кургатуу системасындагы иштер анын жалпы же айрым тармагын анализдөө аркылуу аныкталып, кургатуу системасын жакшыртуу же аны кайра куруу боюнча иш-чаралар сунуш кылынат.

Ой-пикирлер