Кирүү

Айыл чарба салыгы

Айыл чарба салыгы - колхозчулардын жана айыл жериндеги бардык башка граждандардын чарбасынан алынчу салык. Айыл чарба салыгы ар бир түтүндөн жер аянтына жараша алынат. Айыл чарба салыгынын өлчөмүн аныктоодо имарат салынган, бадал, бак-дарак өскөн, жол өткөн, аң жана коо жерлер, ошондой эле ишкана, уюмдун жумушчу, кызматчыларына бөлүнгөн огород жерлер кирбейт.

Айыл чарба салыгы 0,01 га жерге чыгарылган өлчөм боюнча эсептелет. Улуу Ата Мекендик согушта аскер кызматын өтөөдө инвалид (биринчи же экинчи топтогу) болгондордун мурдагы партизан инвалиддеринин (биринчи же экинчи топтогу) чарбаларынан айыл чарба салыгы алынбайт. Биринчи же экинчи топтогу эмгек инвалиддеринин чарбасы айыл чарба салыгынан толук (эмгекке жарамдуу кишиси болбосо) бошотулат. Айыл жеринде иштеген мугалим, агроном, зоотехник, гидротехник, вет. врач, фельдшер, врач д. у. сыяктуулардан айыл чарба салыгы алынбайт.

Ой-пикирлер