Кирүү

Колхоз совети

Колхоз совети - колхоздордун коомдук шайланма органы. Колхозчулардын Бүткүл союздук 3-съездинин (1969) токтомуна ылайык колхоздук демократияны, социалдык принципти тереңдетүү, уставдык тартипти жана укукту сактоо, колхоз өндүрүшүнүн маанилүү маселелерин коллективдүү талкуулоо жана чечүү максатында түзүлгөн. Колхоз совети райондо колхоз өкүлдөрүнүн, область, край, автономия жана союздук республикаларда тийиштүү колхоз советинин өкүлдөрүнүн чогулушунда шайланат. Райондук колхоз совети ачык добуш менен колхоз өкүлдөрүнүн чогулушунда 2- 3 жылга шайланат. Союздук колхоз совети колхозчулардын Бүткүл союздук съездинде же союздук республикалардын колхоз советинин өкүлдөрүнүн Бүткүл союздук кеңешмесинде ачык добуш менен 5 жылга шайланат.

Колхоз советинин түзүмүнө негизинен к-здордун, ошондой эле коомдук уюмдардын, илимий мекемелердин жетекчилери, адистери, тажрыйбалуу өкүлдөрү, өндүрүштүн алдыңкылары кирет. Колхоз совети болжолдуу жобонун негизинде иштейт. Союздук колхоз совети жөнүндөгү жобо, союздук жана автономиялык республикалардын, край, область, райондордун колхоз совети тууралуу Болжолдуу жобо союздук колхоз советинин 1971-жылы 1-марттагы чогулушунда кабыл алынып, ССРБ МСинин токтому менен бекитилген.

Колхоз совети жерди сарамжалдуу пайдалануу, анын күрдүүлүгүн жогорулатуу, колхоз өндүрүшүн ургаалдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Совет колхоз, чарба аралык ишкана, уюмдарын чарбалык жана финансы иштеринин жыйынтыктарын талкуулайт; чарба иштерин натыйжалуу жүргүзүү, резервдерди толук пайдалануу боюнча алдыңкы иш-тажрыйбаны жалпылайт, өндүрүшкө илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны киргизүүнү сунуш кылат.

Райондук колхоз совети өндүрүштү башкарууну өркүндөтүү, ички чарба эсебин пландаштыруу, колхоз, чарба аралык ишканаларда эмгек акы төлөө жана аны уюштуруу боюнча тажрыйбаларды жалпылайт; колхоздо кирешени туура бөлүштүрүү, негизги фондуларды натыйжалуу пайдалануу, текшерүү иштерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана башка. Райондук колхоз совети Советтин төрагасын жана орун басарын шайлап, жооптуу секретарын бекитет.

Райондук колхоз советинин токтом, чечим, буйруктары колхоз жана колхоз аралык уюмдар үчүн сунуш катары жүрөт. Райондук колхоз советинен башка бардык колхоз советтери Советтин президиумун шайлайт. Президиум кеңешме аралыгындагы мезгилде Советтин бардык уюштуруу иштерин жүзөгө ашырат. Колхозчулардын Бүткүл союздук 4-съездинде (1988) союздук колхоз советинин жаңы составы (125 киши) шайланган.

Ой-пикирлер