Кирүү

Агрардык өнөр жай комплексин башкаруунун республикалык жогорку мектеби

Агрардык өнөр жай комплексин башкаруунун республикалык жогорку мектеби — агрардык өнөр жай системасында иштеген жетекчи кадрлар менен башкы адистердин билимин өркүндөтүү мектеби.

Кыргызстан КП жана Кыргыз ССР МСинин токтому боюнча (1985-ж. 18-март) уюштурулуп, 1985-жылдын ноябрынан иштей баштаган. Окуу мөөнөтү 1,5 айдан 3 айга чейин.

Кафедрасы: агрардык өнөр жай комплексинин экономикасы, уюштуруу жана башкаруу. Мындан тышкары 1 лабораториясы, коомдук башкарууга негизделген 2 кафедрасы (Сокулук районундагы 21-парт-съезд атындагы жана Аламүдүн районундагы В. И. Ленин атындагы колхоздордо) бар.

Окуу базалары: Кыргызстан зоналык машина сыноо станциясы (Кант району), СССРдин 50 жылдыгы атындагы үрөнчүлүк чарбасы (Сокулук району), И. Кочкорбаев атындагы колхоз (Ысык-Ата району).

Мектептен облусттук агрардык өнөр жай комитеттеринин, райондук агрардык өнөр жай бирикмелеринин жетекчилери, башкы адистери — агроном, зоотехник, экономист, бухгалтерлер жана башка окушат. Алар алдыңкы чарбаларда болушуп, чарбаны башкаруу, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруу, чарбалык эсеп, коллективдүү көтөрүп алып иштөө, айылда социалдык проблемаларды чечүү жана башка маселелер менен кеңири таанышышат. Мектеп ачылгандан бери 450дөн ашык адам өз адистиктери боюнча билимдерин өркүндөтүшкөн.

Ой-пикирлер