Кирүү

Бюджеттен финансылоо

Бюджеттен финансылоо - планда каралган чыгымдарын бүт же жарым-жартылай төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишкана, мекеме жана уюмдарга бөлүнгөн кайтарымсыз акчалай каражат. Чарбалык эсептеги ишкана, уюм жана сметалык финансылоодо турган мекемелерге бөлүнөт.

Бюджеттик финансылоо бюджеттик классификациянын беренелерине ылайык министрлик, ведомство жана чыгым беренелери боюнча капиталдык салым, капиталдык ремонт, негизги мал тобун түзүү, менчик айланма каражаттын нормативинин көбөйүшү, менчик айланма каражаттын жетпегенин төлөө жана башка аркылуу жүргүзүлөт. Финансы планында (бюджеттен бөлүнгөн) көрсөтүлгөн сумманы бюджеттен өлкө финансы министрлиги, союздук республикалардын министрлиги жана финансы органдары бөлүштүрөт. Советтик экономикалык азыркы өнүгүү этабында чарбалык эсепти кеңири таратуу, коллективдүү көтөрүп алып иштөө ыкмаларын колдонуунун негизинде ишканалардын, колхоз, совхоздордун өзү финансылоого өтүү принциби ишке ашууда.

Ой-пикирлер