Кирүү

Жүктөгүч

Жүктөгүч - эки топко бөлүнөт: үзгүлтүксүз жана мезгилдүү иштөөчү жүктөгүч. 1-си транспортко жүктү үзгүлтүксүз жүктөйт же түшүрөт; 2-си жүктөп-түшүрүүнү циклдүү аткарат. Жүктөө цикли бир нече операциялардан: көтөрүү, берүү, транспортко салуу жана башкалардан турат. Арналышына жараша жүктөгүч атайын жана универсалдуу болуп бөлүнөт.

Атайын жүктөгүч бир жүк түрүн же айыл чарба өсүмдүгүн (мисалы, дан жүктөгүч, кызылча жүктөгүч жана башка ), универсал жүктөгүч ар түрдүү жүктөрдү жүктөйт. Айыл чарбасында ПБ-35 жүктөгүч бульдозер ДТ-54А жана Т-74 тракторлоруна чиркелип, түрдүү иштерде пайдаланылат. ПУ-0,6 грейферлүү-жүктөгүч пахта жүктөөгө ылайыкталган. Мындан башка ПМГ-0,2 грейферлүү жүктөгүч, СШР-0.5К чөп чөмөлөп-жүктөгүч, Д-451 маркасындагы жүктөгүч, Д-452 жана Д-565 маркасындагы көп чөмүчтүү жүктөгүч бар.

Ой-пикирлер