Кирүү

Жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү

Жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү - шайтан көпөлөк тукумундагы үкү көпөлөк. Өңү сары же саргылжын; канатынын жайылгандагы узундугу 25-30 миллиметр, алдыңкы канатында тегерек ак жана майда кара тактары бар, арткы канаты седеп түстүү. Малагы саргыч, жылма же жалтырак, жонунда узата кеткен 4 жолчосу бар, башы кара боз болот. Жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү Түштүк Европа, Түндүк Африка, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда, Австралияда көп таралган.

Мурунку ССРБ нин аймагында Крым, Закавказье жана Орто Азияда кездешет. Орто Азияда 3 жолу тукумдайт. Биринчи тукумунун көпөлөгү майда, экинчиси июнда, үчүнчүсү сентябрь-октябрда учуп, жумурткасын жалбырак көңдөйлөрүнө жана жүгөрү чачыгына тизмектетип таштайт. Жаш малактары жалбыракта сүйрү көзөнөк пайда кылып, кырчып, чоңураак малагы жалбыракты, топ гүлүн жана дүмбүл боло баштаган данчаларды жейт.

Чоң малактары жүгөрү сотосуна кирип спираль сымал көзөнөктөрдү пайда кылат. Алар жалаң гана жүгөрү данына зыян келтирбестен, сотолорду экскренттери менен эң жаман булгагандыктан, зыян келбеген дандар да чирийт. Каршы күрөшүү чаралары: терең тоңдурма айдоо, үрөн себерде жерди малалоо, малагы жапырт чыкканда гексахлоран чачуу.

Ой-пикирлер