Кирүү

Коомдук керектөө фонду

Коомдук керектөө фонду - ССРБ де социалдык коомдун улуттук кирешесинин бир бөлүгү. Негизинен социалдык коом мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык керектөөлөрүн канааттандырууга жумшалат. Коомдук керектөө фонду эмгекчилердин турмушун жакшыртууга, алардын ден соолугун сактоого, социалдык-маданий муктаждыктарына керектелет. Коомдук керектөө фондунан акысыз окутуу, квалификацияны жогорулатуу, медициналык жардам көрсөтүү, эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкондорго, боюнда бар жана төрөгөн аялдарга, көп балалуу жана жалгыз бой энелерге көмөк көрсөтүүгө, пенсия, стипендия берүүгө, кезектеги отпусканы төлөөгө, санаторий жана эс алуу үйлөрүнө акысыз же жеңилдетилген жолдомолорду берүүгө, бала бакчаларын финансылоого жана башка жумшалат. Коомдук фондулардан төлөм жана жеңилдиктер мамлекеттик бюджеттин эсебинен финансыланат.

Алардын бир аз бөлүгү ишкана каражатынын эсебинен жана борборлоштурулган союздук фондудан (колхозчуларды социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо фондусу) ңамсыз кылынат. Колхоз, совхоз, бирикмелерде чарбалык ички коомдук керектөө фонду түзүлөт. Азыркы кезде өндүрүштүк жана социалдык маселелерди чечүүдө коомдук керектөө фондунун ролу жогорулоодо.

Ой-пикирлер