Кирүү

Бир үлүштүү өсүмдүктөр

Бир үлүштүү өсүмдүктөр - урук түйүлдүгүндө бир гана урук үлүшү бар жабык уруктуу өсүмдүктөр классы. Бир үлүштүү өсүмдүктөргөөсүмдүктүн 80 тукуму, 2600 уруусу жана 60 миңдей түрү кирет. Мурунку ССРБ де бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн 2500 түрү ( татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн 15% ы) өскөн.

Бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги тамыры эрте соолуп, кошумча жан тамыр өсүп чыгат. Сабагы менен тамырында камбий болбогондуктан жоонойбойт. Жалбырагы сапсыз, сабакка жазы негизи менен бекийт; жарыш же дого сымал тарамдуу. Көпчүлүгү кайчы гүлдүү (кара буудай, жүгөрү, сорго жана башка), кайчылаш чаңдашат, айрымдары өзү менен өзү (арпа, буудай жана башка ) чаңдашат. Бардык жерде өсөт.

Көпчүлүгү көп жылдык өсүмдүк. Бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн азык-түлүктүк (буудай, арпа, шалы, жүгөрү, сулу, бал камыш жана башка ), тоюттук, дарылык мааниси бар. Бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн дарак формалары тропик, субтропиктерде өсөт.

Ой-пикирлер