Кирүү

Айыл чарба жери: кайсылар кирет

Айыл чарба жери - айыл чарба продукциясын алуу үчүн дайыма жана пландуу түрдө пайдалануучу жер. Айыл чарба жерине айдоо, көп жылдык бак-дарактар, чөп чабынды, жайыт, кысыр аңыз кирет. Айыл чарба жеринен башка жерлер - токой, бадал, саз, кумдуу жер, ошондой эле суу, жол, курулуш, көчө, короо-жай жана башка жайгашкан аянттар.

Айдоо - тоют өсүмдүктөрүнүн негизги бөлүгү жана азык-түлүк алынуучу, техника өсүмдүктөр эгилүүчү жер. Которуштуруп айдоо системасында (айдоодо) түрдүү өсүмдүктөр алмашылып эгилип, дайыма иштелип турат. Көп жылдык бак-дарактар тигилген жер - бак, жүзүмзар, жемиш өсүмдүктөрү өстүрүлгөн аянт. Чөп чабынды - чөбү чабылуучу жер. Суу жайылма, саздак жана кайрак жердеги чабынды болуп айырмаланат.

Жайыт - мал жайылуучу, чөбү чабылбаган жер. Жайыт суу жайылма жана кайрак жер болуп айырмаланат. Кыргызстанда 10,5 млн га (1984-ж.) айыл чарба жери болгон. Айыл чарба жеринин структурасы айыл чарба өндүрүшүнүн бардык тармагынын өнүгүшүн камсыз кылууга тийиш. Өндүрүштү ургаалдаштыруу жана чарба ичинде бош жерлерди өздөштүрүү менен Айыл чарба жеринин структурасы жакшырып, пайдаланылуучу жердин үлүшү көбөйөт. Шор топуракты мелиорациялоо, топурак эрозиясы менен күрөшүү, сугарылуучу жайыттарды түзүү чаралары айыл чарба жерин жакшыртууга өбөлгө болот.

Айыл чарбага ыңгайсыз жер

Айыл чарбага ыңгайсыз жер - токой өспөгөн, айыл чарбага пайдаланууга жараксыз жер. Буга кокту-колоттуу, шордуу, таштуу, чөлдүү, саздуу жерлер кирет. Мелиорациялык, агротехникалык жана башка чаралар аркылуу мындай жерлер жакшыртылып, айыл чарба жер фондусуна кошулууда.

Айыл чарба жерин трансформациялоо

Айыл чарба жерин трансформациялоо латын тилинен которгондо - өзгөртүү, айландыруу, которуу - жерди пайдалануу же топуракты эрозиядан сактоо үчүн жерди пайдалануунун бир түрүн экинчи түрүнө которуу. Айыл чарба жерин трансформациялоо пайдаланылып жаткан айыл чарба жерин жайгаштыруудагы кемчиликтерди жоюп, айыл чарба жеринин составын жана ара катышын эл чарбасын өнүктүрүү планына шайкеш келтирет.

Айыл чарба жерин трансформациялоо иштери жаңы өздөштүрүлгөн ири жер массивдерин сугарууда, чарба ичинде жаңы жерлерди өздөштүрүүдө, чарба аралык кооперациянын негизинде айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана топтоштурууда, сугат тармактарын реконструкциялоодо, эрозиядан сактоодо жана башка жүргүзүлөт. Натыйжада айыл чарбасында пайдаланылуучу жердин (айдоо жер ж. б.) аянты кеңеет. Айыл чарба жерин трансформациялоодо ага кеткен чыгым жана анын акталышы, ал жерлерди пайдалануудан алынуучу накта киреше жана башка эске алынат.

Ой-пикирлер