Кирүү

Балык тоюттандыруу

Балык тоюттандыруу - балык өстүрүлүүчү көлмөлөрдө - балык азыктарын көбөйтүү максатында көлмөлөргө (табигый тоютка кошумча) тоют чачуу. Балык өстүрүлүүчү көлмөдө 1 гектардан 5-6 эсе же андан көп балык алууга мүмкүндүк берүүчү ыргаалдаштыруу ыкмаларынын бири. Балык нормалдуу санда көлмөгө коё берилгенде кошумча тоют берилбейт. Тоюттун керектүү өлчөмү: к=А-Г-А N- 1) формуласы менен эсептелет. Мында "к" - керектүү өлчөмдөгү тоют (килограмм); А - көлмөнүн табигый азыктуулугу (килограмм/гектар); Г - көлмөнүн аянты (гектар); А - балык өстүрүүдөгү белгилүү тоюттун же тоют аралашмасынын тоют коэффициенти; N - коё берилген балыктын эселенишинин көрсөткүчү. Балыктын салмак кошушун аныктоо үчүн ар бир 10 күндө балык контролдук кармоодон өткөрүлөт.

Көлмөдө өстүрүлүүчү балыктын негизги түрлөрүн (жылуу көлмөдө - каңылтыр жана муздак көлмөдө - жилингир) тоюттандыруу ыкмалары толугураак иштелип чыккан. Мисалы, каңылтыр дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн данын, ун, акшак, күнжара, майда балык, эт, бака, көнөк баш жана башка азыктарды жейт. Жилингир жырткыч болгондуктан, көбүнчө жаныбар тектүү тоют менен азыктанат. Ага эт, кан жана балык уну, жумуртка, ириген сүт, бака, коңуз жана башка берилет.

Ой-пикирлер