Кирүү

Адам-күн, адам-саат жумуш убактысын эсептөө

Адам-күн — жумуш убактысын эсептөө бирдиги. Айыл чарба өндүрүшүндө жумушчунун ишке чыгышы (нак иштеген убактысына карабай), ошондой эле күн бою жумуш токтоп калган учур, майрам, дем алыш күн, жүйөлүү себеп менен ишке чыкпай калган убакыт (өргүү ж. б.) да адам-күнүнө кирет. Эгерде иштеген иши белгиленген жумушчу күндүн жарымынан азын иштесе же эки башка жумуш аткарса 0,5 адам күндөн жазылат. Адам-күн менен айыл чарбасында жумушчу күчүн пайдалануу көрсөткүчтөрү, жумуш убактысы, эмгекти сарптоонун сезондуулугу, кызматкерлердин орточо саны, эмгек өндүрүмдүүлүгү жана эмгек акынын жылдык фондусу эсептелинет.

Адам-саат — өндүрүштөгү жумуш убактысын, эмгектин сарпталышын эсептөөдөгү чен бирдик. Өндүрүштө пайдаланылган адам-саат сменада жана сменадан тышкары жумушчу иштеген бардык сааттын саны менен аныкталат. Өндүрүштүн технологиясында көрсөтүлбөгөн смена ичиндеги дем алуулар, жумуш токтоп калган учур, түшкү тамак ичүүгө кеткен убакыт эске алынбайт. Адам-саат эмгекти баалоого, иш убактысы менен эмгек акынын фондуларын аныктоого жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн туура эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ой-пикирлер