Кирүү

Дем алуу органдары

Дем алуу органдары - малда - дем алуу процессине катышкан органдардын жыйындысы. Дем алуу органдарына негизинен мурун көңдөйү, коко, кекиртек жана өпкө кирет. Мурун көңдөйү баш сөөгүнүн маңдай жагы менен ооз көңдөйүнүн үстү жагына жайгашкан. Сырты баш сөөк, тери, ич жагы былжырлуу кабыкча менен капталып, 2 ге бөлүнөт. Ар бир бөлүктө 2 ден кеңилжээр жана торчо сөөк лабиринти бар.

Коко - аба өткөрүп, үн чыгаруучу көңдөй орган. Өз ара байланышкан 5 кемирчектен турат: калкан сымал кемирчек - бирөө, шакек сымал кемирчек - бирөө, чөмүч сымал кемирчек - экөө, үстүнкү кемирчек - бирөө. Кекиртек учтары бирикпеген шакекче кемирчектерден турат.

Ой-пикирлер