Кирүү

Агрохимия кызматы

Агрохимия кызматы — айыл чарбасында агрохимиялык тейлөөнү уюштуруу системасы. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбасында жер семирткичти жана башка химиялаштыруу каражаттарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдаланууга багытталган. Агрохимия кызматынын негизги маселелери: минерал жер семирткичти, химиялык каражаттарды натыйжалуу колдонуу, топурактын агрохимиялык картограммасын түзүү, топуракты, жер семирткичти, тоютту анализден өткөрүү, колхоз, совхоздорго дыйканчылык менен мал чарбасын химиялаштырууда жардам көрсөтүү.

СССРде агрохимия кызматы агрохимиялык лаборатория аркылуу ишке ашырылат. Ал МТСтерде агрохимия лабораториялардын уюшулушу менен башталган (1931). 1979-жылы Бүткүл союздук "Сельхозхимия" илимий-өндүрүш бирикмеси, союздук, автономилуу республикаларда илимий-өндүрүш бирикмелери, райондук (район аралык) өндүрүш бирикмелери жана чарбаларда химиялаштыруу пункттары уюшулган.

Бирикмелердин илимий базасын илимий изилдөө, долбоорлоо-технологиялык институттар, химиялаштыруу боюнча долбоорлоо-иликтөө станциялары, агрохимиялык жана биологиялык лабораториялар, өсүмдүк коргоо станциялары жана башка түзөт. Өндүрүштүк бөлүгүн чарбалык химиялаштыруу пункттары, адистешкен химиялаштыруу бөлүмдөрү, агрохимиялык борборлор жана башка түзөт. Кыргызстанда агрохимия кызматын Кыргызстан айыл чарба химия өндүрүштүк-илимий бирикмеси аткарат.

Ой-пикирлер