Кирүү

Күрөк чарба шайманы

Күрөк - чарбачылык куралы; күрөктүн жыгачтан жана темирден жасалган түрлөрү бар. Жыгач күрөктүн башы (эни 25 сантиметр) менен сабы (120-130 сантиметр) чогуу (туташ) жасалып, кар, кык жана башка күрөөдө, эгин сапырууда колдонулат. Темир күрөктүн башы жалпак темирден (эни 15-20 сантиметр) жасалып, жыгач сап (узундугу 1 метр) ашталат. Ал негизинен жер казуу, арык чабуу жана сугат иштеринде пайдаланылат.

Ой-пикирлер