Кирүү

Ички чарбалык эсеп

Ички чарбалык эсеп - айыл чарбасында - айыл чарба өндүрүш тармактарында бөлүмдөрдө, звено, бригада, ферма, участкаларда жана башка ишти чарбалык эсептин принцибинде жүргүзүү. Ички чарбалык эсепке өткөндө өндүрүштүн мүнөзүнө жараша керектелүүчү каражаттар бөлүнүп берилет. Алынуучу продукциянын көлөмү жана сапаты боюнча тапшырма белгиленет. Чарбада жумшалуучу материалдык жана эмгек чыгымдарынын лимити каралат. Ички чарбалык эсепте иштин экономикалык жыйынтыктары өз убагында чыгарылат жана иштелген иштин көлөмүнө, сапатына жараша эмгек акы төлөнөт.

Ички чарбалык эсеп чарбалык эсепти тереңдетип жайылтуунун уландысы. Ал чарбанын өндүрүштүк процесстерине коллективдин мүчөлөрүн толук тартууга, тармактарды билгичтик менен башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт жана сарпталуучу каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт, ишканаларынын жана алардын өндүрүштүк тармактарынын бирдиктүүлүгүн, каражатты жана эмгекти аз жумшоо менен арбын продукция алуу, анын натыйжасында чарбадагы өндүрүштүн тармактарынын рентабелдүүлүгүн арттырууга алып келет. Ички чарбалык эсепке өткөн тармактар башка чарбалардай өз алдынча укукка ээ эмес.

Ички чарбалык эсепке өткөн ар бир тармактарда иштин мүнөзүнө жана формасына ылайыктуу иш чаралар белгиленет. Ички чарбалык эсепке чарбадагы звенолор, бригадалар, көмөкчү чарбалар жана башка өндүрүштүн тармактары өткөрүлөт. Аларга алына турган продукциянын түрүнө жараша жер участкасы, техника курулуш, мал, бакма канаттуулар жана башка бекитилип берилет. Иштин жыйынтыгы чыгарылып, жалпы коллективке маалымдалып турат.

Ой-пикирлер