Кирүү

Аң-кокту жерлер чарбада

Аң-кокту, жар-кемер - тик жар капталдуу, эңкейишти карай узата созулган кууш (туура кесилиш V сымал), кургак кокту. Жаан-чачыны көп жааган бөксө тоолуу жерлерде, ошондой эле бийик тоо этектериндеги ак топурактуу адырларда, дөңсөөлүү түздүктөрдө, борпоң тоо тектүү аймактарда жамгыр, кар сууларынан куралып, кыртышты жеп кетүүсүнөн пайда болот. Узундугу бир нече чакырым, туурасы жана тереңдиги ондогон метрге жетет.

Аң-коктуну өрдөгөн сайын ал көптөгөн айрыктарга бөлүнүп, эгер эрозия токтобосо ошол айрыктардын багыты боюнча улам жаңы жерлер жемирилип, ал узара берет. Аң-кокту айдоо жерди, жайытты бузуп, айыл чарбасына чоң зыян келтирет. Чарбалык иште токойду кыйып жок кылуу, каптал жерлерди айдоо, андагы өсүмдүктөрдү өрттөө жана башка туура эмес аракеттер эрозияны күчөтүп, аң-коктуну пайда кылышы мүмкүн. Чарбалык ишти эрозияга каршы иш чаралар менен айкалыштырып жүргүзүү (коргоо токой тилкесин уюштуруу ж. б.) зарыл.

Ой-пикирлер