Кирүү

Коко тикен

Коко тикен - татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир, айрымдары эки жылдык өсүмдүк уруусу. 120 дай түрү бар. Мурунку ССРБ нин аймагында 30 (Кыргызстанда 4) түрү белгилүү. Сабагы түз, бутактанып өсөт. Жалбырагы чоң, канат сымал, жээги катуу тикендүү. Себетче топ гүлдүү (чоң же майда), бирден же 2-3 төн өркүндүн учуна топтошуп өсөт; кош жыныстуу. Мөмөсү - түктүү данча.

Коко тикен өзөк тамырлуу өсүмдүк. Мал жебейт. Көпчүлүк түрү өтө зыяндуу отоо чөп. Көп таралгандары: ийилме баштуу коко тикен - эки жылдык отоо чөп, сабагы тик (узундугу 40-100 сантиметр), бутактуу, 3750 дөй урук байлап, аңызды бат булгайт; илмектүү коко тикендин сабагынын узундугу 30-75 сантиметр. Талаа жеринде, жолдун боюнда өсөт. Кыргызстанда агыш коко тикен,жунгар коко тикени, түстүү жана Шишкин коко тикендери короо жайлардын тегерегине, боз шор топурактуу как-соо жерлерде өсөт. Айдоону каптап, айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмүн азайтып, сапатын начарлатат. Каршы күрөшүү чарасы: которуштуруп эгүү, коко тикендин даны бышканча чаап салуу, гербицид чачуу.

Ой-пикирлер