Кирүү

Гидрология илими

Гидрология - жер бетиндеги табигый сууларды (дарыя, көл, мөңгү, саз жана башкалар) коргоо жана эл чарбасында пайдалануу максатында изилдөөчү илим. гидрология дарыя, көл жана башкаларда болуучу физикалык процесстерди изилдейт. Мисалы, жылуулук процесси (буулануу, конденсация, кар эрүү, мөңгү пайда болуу); гидродинамикалык (аба агымы, нуктук агым, инфильтрация жана башкалар); эрозиялык (суу жеп кетүү, шилендилердин пайда болушу, нуктук деформация жана башкалар).

Кургактыктын гидрологиясы негизинен дарыя, алардын куралышын жана чыгымын изилдейт. Гидрология ошондой эле суу шилендилерин, химиялык агымды (сууда эриген заттарды), дарыя режими жана башка объектилерди изилдейт. Жер астындагы сууну изилдөөнү гидрогеология жүргүзөт. Гидрология суу ресурстарынын абалын жана аларды сарамжалдуу пайдаланууну талдайт жана прогноздойт. Өлкөдө гидрология маселелери боюнча Мамлекеттик гидрология институту, суу чарба органдары жана башка көптөгөн илимий мекемелер менен жогорку окуу жайлар иштешет.

Ой-пикирлер