Жер алмуруту
Жер алмуруту, топинамбур - татаал гүлдүүлөр тукумундагы түймөк тамырлуу көп жылдык өсүмдүк. Ал Түндүк Америкадан тараган. Европа, Кичи жана Түштүк-Чыгыш Азия, Африка, Америкада, мурунку ССРБ нин аймагынын түштүгүндө (Кавказ, Украина, Орто Азияда) өстүрүлөт. Жер алмуруту - баалуу тоют. 1 гектар жерден 200-250 центнер түшүм (түймөк тамыр) алынат.
Түймөк тамырында 16-20% эриме инулин полисахариди, 2-4% азоттуу зат жана белоктор бар. Айрыкча В| витамини (амеврин) көп. Тамыры өнөр жайда спирт, фруктоза жана башка иштеп чыгарууда керектелет. Сабагы менен жалбырагы силостолот. Кышкысын тамырын жерге көөмп сактайт. Негизги сорттору "Вадим", "Белый урожайный", "Патат" жана башка.
- Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу
- Колхоздун текшерүү комиссиясы
- Бөкөн жаныбары
- Гидрология илими
- Жалбырак чүрүшү
Ой-пикирлер