Кирүү

Котур

Котур - теринин жугуштуу ооруларынын (арахноздордун) жалпы аты. Малдын денеси кычышып, териси сезгенет. Этиологиясына (пайда болуу себептерине жана шартына) жараша котур жалпысынан саркоптоидоздор деп аталып, ага саркоптоз (акароз), нотоэдроз, псороптоз, хориоптоз, отодектоз, кнемидокоптоз кирет. Саркоптоз менен уй, кой, жылкы, чочко, эчки, төө, коён, бугу ылаңдайт; ылаңды ар бир малга тиешелүү түрлөрү пайда кылат. Кээде киши да ооруйт. Малды булганыч, нымдуу, суук, караңгы жайда кармоо, жетишсиз тоюттандыруу саркоптоздун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жаш жана көтөрүм мал көп ылаңдайт. Кене малдын (көбүнчө баш, моюн, далы, көчүк, чаткаягында) терисине кирип, четки нервдерди дүүлүктүрүп, кычыштырат.

Мал кычышкан жерин кашый берип, жүнү түшөт, териси күдүрөйүп, калыңданып катууланат. Ылаңдуу малдын кунардуулугу кетип, арыктайт, төл жакшы өспөйт. Ит, мышык, коён, чычкандар ылаңдайт. Дарт баш, моюндан кармап, өтүшүп кетсе өлөт. Псороптоз psoroptes уруусундагы кенеден пайда болот. Кой, эчки, уй, жылкы, коён ылаңдайт. Дарт куймулчак, жон, далыдан башталып, малдын жүнү уйпаланып түшөт, терисине майда ысыкча чыгып, карттанат. Хориоптоз choroiptoses уруусундагы кенелерден пайда болот. Көбүнчө шыйракты жана кулакты дартка чалдыктырат.

Хориоптоз өзгөчө жылдын суук мезгилинде күч алып, ысык, кургакчыл мезгилде басаңдайт. Отодектоздун козгогучу ит, мышык, түлкүнүн кулагында мителейт. Диагноз дарттын клиникалык белгилеринин жана микроскоп менен изилдөөнүн негизинде коюлат. Дарылоо: койду дарылоодо жана таралып кетишин алдын алууда гексахлоранкреолин эмульсиясы (Гексалан, ТАП-85), уйду дарылоодо коллоиддүү күкүрттүн 3% дуу суспензиясы, 20-25°С температурадагы котур самынынын 4-6% дуу эритмеси куюлган ваннага салынат. 7-10 суткадан кийин дарылоо кайталанат. Чочконун саркоптозун дарылоодо хлорофостун 2% дуу эмульсиясы колдонулат. Кышында койдун псороптозун дарылоодо хлорофос, севин дусту чачылат. Малдын котур болгон жерине Мурин майы, деготь майы (кара май) сүйкөлөт. Малды дарылоо менен катар короо-сарай, шайман, атайын кийим дезакаризацияланат.

Ой-пикирлер