Кирүү

Жылкы пайдалануу

Жылкы пайдалануу - жылкыны жүк жүктөп жумуш аткаруучу унаа катары пайдалануу. Жылкынын аткарган кызматы анын иштеген жумуш күнү менен эсептелет. Жылкы пайдаланууда жылкынын жүктү же башка нерселерди тартууга жумшалган күчү тартуу күчү деп аталат. Бул күч динамометр менен өлчөнөт. Жылкынын нормалдуу жүк тартуу күчү өзүнүн салмагына жараша болуп, тирүүлөй салмагынын 13-15% ын түзөт. Мисалы, салмагы 500 килограмм аттын нормалдуу тартуу күчү орто эсеп менен 75 килограмм. Тартуу күчүнүн чоңдугунун жүктүү арабанын салмагына (килограмм менен) болгон катышы каршылык көрсөтүү коэффициенти деп аталат.

Ал жолго (таштак, кумдуу, түз, өңгүл-дөңгүл жана башка), дөңгөлөктүн түзүлүшүнө жараша болот. Айыл чарбасында жылкы көбүнчө транспорттук жумуштарды аткарат. Мал багууда жылкыны унаа, көлүк катары пайдалануу технологиялык өзүнчө бир атайын шарт болуп саналат. Мындан тышкары трактор жүрө албаган аянттардагы чөптү чабууда, тырмоодо, чөмөлөп жыюуда, араба, чийнеге чегип чөп, жүк ташууда пайдаланылат.

Айыл чарба жумуштарында жылкыны кеңири пайдалануу өндүрүлүүчү продукциянын өзүнө кеткен наркын төмөндөтүп, машина менен тракторду, ошондой эле күйүүчү майды үнөмдөйт. 4 жантка чейинки жана 15 жаштан өткөн жылкы, тууган бээ (6 айга чейин) жана саан бээлер жеңил жумушка гана чегилет. Жылкы пайдалануу үчүн жумуш аткаруучу жылкыны жакшы багуу, туура тоюттандыруу, учурунда туура эс алдыруу жана башка шарттар керек.

Ой-пикирлер