Жер кадастры
Жер кадастры - ССРБ деги жердин табигый абалы, чарбалык мааниси, ошондой эле укук жоболору жөнүндөгү далилдүү маалыматтардын жыйындысы. Жер кадастры 1968-жылдагы ССРБ жана союздук республикалардын жер жөнүндөгү законунун-негизинде (46-берене ) жүзөгө ашат. Жер эсеби бүткүл өлкөдө бирдиктүү система боюнча жүргүзүлөт. Жерди натыйжалуу пайдалануу жана жер ресурсун коргоо үчүн керектелет. Ал жер пайдаланууңу каттоо маалыматтарын, жердин саны менен сапаты жөнүндөгү мамлекеттик эсепти, топурак бонитировкасын, бирдиктүү мамлекеттик жер фондусундагы бардык жердин экономикалык бааланышын камтыйт.
- Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмеси
- Кой тоюттандыруу
- Кыргызстан кант кызылча тажрыйба-селекция станциясы
- Ички чарбалык эсеп
- Адаптация жалпысынан
Ой-пикирлер