Кирүү

Комаров Владимир Леонтьевич

Комаров Владимир Леонтьевич (1869, Петербург - 1945, Москва) - советтик ботаник жана географ, коомдук ишмер, ССРБ илимдер академиясынын мүчөсү (1914), академиги (1920), вице-президенти(1930-1936) жана президенти (1936-1945). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943). ССРБ мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1942). Бүткүл союздук ботаниктер коомунун президенти (1930), ССРБ географиялык коомунун ардактуу мүчөсү (1940). 1894-жылы Петербург университетин бүтүп, 1898-жылдан баштап ушул эле университетте окутуучу (1918-жылдан баштап профессору).

Бир эле мезгилде (1899-жылдан баштап) Петербург ботаникалык багында (1931-жылдан ССРБ илимдер академиясынын Ботаникалык институтунда) иштеген. Орто Азия (1892-1893), Ыраакы Чыгыш, Манжурия жана Корея (1895-1897), Чыгыш Саян (1902), Камчатка (1908-1909), Түштүк Уссури крайына (1913) экспедицияга барып, өсүмдүктүн көп коллекциясын чогулткан. Негизги эмгеги Монголия, Кытай жана Ыраакы Чыгыштын татаал түзүлүштүү өсүмдүк флорасы, өсүмдүк дүйнөсүнүн эволюциясы жана систематика теориясына арналган. ССРБ илимдер академиясынын филиалдарын жана базаларын түзүүгө зор салым кошкон. 1937-1945-жылдары ССРБ ЖСинин депутаты. ССРБ илимдер академиясынын 3 жылда бир берилүүчү Комаров атындагы сыйлык белгиленген.

Ой-пикирлер