Кирүү

Былпылдактар

Былпылдактар - эң жөнөкөй түзүлүштөгү көп клеткалуу жаныбарлар. Бийиктиги бир нече миллиметрден 1,5 метрге чейин. Денеси киргилт күрөң түстө, былжырлуу катмарланган. Суу түбүндө түрдүү нерселерге жабышып, топтолуп (колония) же бириндеп кыймылсыз жашайт. 2500 дөн ашык түрү белгилүү. 4 классы бар. Былпылдактардын кээ бири медицинада, техникалык максатта колдонулат: бадяга былпылдактарынын өтө көбөйүшү булганыч суулардын биологиялык жол менен өзүнөн өзү тазаланышына жардам берет. Кээде алар гидротехникалык курулмаларга тыгылып калышы мүмкүн.

Ичеги көңдөйлүүлөр - сууда, негизинен деңизде жашоочу жөнөкөй түзүлүштөгү жаныбарлар. Дене түзүлүшү ар кандай, көбүнчө кап сыяктуу. 3 классы, 9 миңге жакын түрү бар. Алардын ичинен кызыл шуру полиптери кооз буюм жасоо үчүн зергерчиликте колдонулуп, чарбачылык мааниге ээ. Жалпак курттар - кыймылдуу, эки капталы жалпак, симметриялуу, узундугу 0,2 метрден 18 метрге чейин келген жаныбарлар. 12,5 миңдей түрү бар.

Трематода жалпак курттары түрдүү жаныбарлардын терисинде, омурткалуу жаныбарлардын жана кишинин ички органдарында жашап трематодоз, цестодалар цестодоз ылаң, ооруларын козгойт. Жумуру курттар - ар кандай түзүлүштөгү, узундугу 0,05 метрден 40 сантиметрге, кээде 8,4 метрге чейин жеткен жаныбарлар . 8 миңден ашык түрү бар. Түрдүү чөйрөдө (сууда, топуракта жана башка ) жашайт. Көбү жаныбарлардын, козу карын жана өсүмдүк мителери.

Ой-пикирлер