Кирүү

Агротехника түшүнүгү

Агротехника — айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө ыкмалардын системасы дыйканчылык технологиясы. Агротехниканын негизги милдети — аз эмгек жана каражат жумшоо менен эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу. Ал айыл чарба өндүрүшүнө илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, айыл чарбасын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат.

Агротехника ыкмаларына топурак жумшартуу, айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү жана тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнун отоо чөптөрүнө, илдет жана зыянкечтерине каршы күрөшүү да кирет. Агротехника коомдогу өндүргүч күчтөрү жана өндүрүштүк мамилелери менен тыгыз байланыштуу.

Алгачкы жамааттык, кул ээлик жана феодалдык түзүлүштө Агротехника өтө жөнөкөй курал-шайманга жана кол эмгегине негизделген. 19-кылымда Россияда эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн илимий жактан негизделген ыкмалары пайда болгон. Бул топурактын күрдүүлүгү (В. В. Докучаев, П. А. Костычев ж. б.), өсүмдүктүн азыктанышы жана жер семирткичти пайдалануу (Д. Н. Пряшинников), айыл чарбанын туура жүргүзүү жана башка ыкмалары (А. В. Советов) жөнүндөгү илимди өнүктүрүшкөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу болгон.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши менен Россиянын, анын ичинде Орто Азия республикаларынын айыл чарбанын өнүгүшүнө кеңири мүмкүндүктөр ачылган. Айыл чарбанын социалисттик реконструкциялоо, колхоз, совхоздордун уюшулушу, оор өнөр жай менен химиялык өнөр жайынын өнүгүшү айыл чарбасында жаңы машина жана шаймандары, электр энергиясын, автоматика, минерал жер семирткич, өсүмдүктү илдет жана зыянкечтерден коргоонун жаңы ыкмаларын колдонууга шарт түзгөн.

Трактордун пайда болушу менен (1925—1926) кээ бир агротехникалык ыкмалар механикалаштырылган. Алгачкы жер айдоо, жана башка топуракты үрөн себүүгө даярдоо ыкмалары (1933-1935), кийин катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу (1949-1950), пахта жыйноо механикалаштырылган. 1963-жылдан кең катарлап себүү жана башка ыкмалар колдонулат.

Азыркы агротехника экологиялык шарт менен айыл чарба техниканын иштөө принциптерин изилдөөчү табигый жана техника илимдеринин жетишкендиктерине негизделет. Агротехниканын зарыл шарттарына анын комплекстүүлүгү жана топурак-климат шарты, эгилме өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгү, сортуна жараша кирет. Агротехникалык ыкмалардын комплекстүү түрдө колдонулушунун илимий негиздери — өсүмдүктүн өсүш факторлорунун (жарык, жылуулук, аба, ным жана азык заттарынын) алмашылбастыгы, бирдей маанилүүлүгү жана мөөнөтү.

Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керектүү бардык факторлор менен камсыз кылуу зарыл. Бул өз ара байланыштуу агротехникалык ыкмалардан — талааны негизги жана себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы жана вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтен коргоо, түшүмдү жыйноо жана башкалардан турган агротехникалык комплексти пайдаланууну талап кылат. Агротехниканын бөлүштүрүлүшү ар бир чарбанын, райондун, зонанын топурак-климат өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшү жетишсиз факторго; мисалы, жаан-чачыны аз райондордо топуракта ным топтоого көңүл бурулат. Агротехника ошондой эле өсүмдүктүн түрүнө, сортуна жана чарбалык маанисине жараша бөлүштүрүлөт (мисалы, силостук жүгөрү, дандык жүгөрү). Жерди туура которуштуруп эгүү менен гана агротехникалык ыкмалар комплексинин натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо агротехника менен айкалыштырылып жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт жана айыл чарба продукция бирдигине жумшалган чыгым азаят.

Агротехник деген ким

Агротехник — дыйканчылык жана өсүмдүк өстүрүү боюнча орто билимдүү айыл чарба адиси. Агротехниктерди атайын айыл чарба орто окуу жайлары, техникумдар даярдайт. Агротехник бригадир, совхоз бөлүмүнүн башкаруучусу, агрохимия жана үрөн текшерүү лаборларында лаборант болуп иштейт. Адатта агрономдордун жетекчилигинде иш жүргүзөт.

Ой-пикирлер