Кирүү

Малдын артрит оорусу

Артрит - малдын муундарынын кабылдап сезгениши. Пайда болушуна жараша негизинен асептикалык жана жугуштуу артритке бөлүнөт. Асептикалык артрит малдын денеси катуу нерсеге урунганда, тарамышы чоюлуп же үзүлгөндө, муун сөөктөрү талкаланып же аштоосунан чыгып кеткенде, организмде зат алмашуу бузулганда ж. б., жугуштуу артрит жугуштуу ылаңдардын (бруцеллёз, туберкулёз, сакоо, нерабактерия ж. б.) кесепетинен пайда болот.

Муунга жакын ткандардын кабылдап кетиши (флегмона, ириңдүү бурсит, тендовагнит ж. б.) да артритти пайда кылат. артритти дарылоодо анын түрүнө жараша йод ионофорези, пенициллин, новокаин, сульфаниламид препараты, уротропин жана башка колдонулат.

Малдын артроз оорусу

Артроз - сөөктөрдүн деструктивдүү жана полиферативдүү өзгөрүүсүнөн пайда болуучу муун оорусу. Артроз менен көбүнчө сүттүү саан уй, таза кандуу бука, жылкы ылаңдайт. Ылаңга белок, витамин, минералдык зат алмашуунун бузулушу, күн нурунун жетишсиздиги, муундун туура эмес өсүшү же ага оордук келиши, ошондой эле эндокрин оорулары, тамак-аштан уулануу, борбордук нерв системасынын бузулушу жана башка себепкер.

Ылаңдаган малдын жамбаш, толорсук, томук, шыйбылчак муундары деформацияланып, бүжүрөп басат, аксайт, жаталактайт. Дарылоо: белок, витамин, минералдык заттары жетиштүү тоют берилет. Мал дайыма сыртка чыгарылат, кышкысын кезеги менен ультра-кызгылт көк нурга какталат.

Ой-пикирлер