Кирүү

Инъекция

Инъекция (лат. injectio - чачыратуу, куюу), дары куюу - дары эритмелерин аз өлчөмдө ткандарга, дене көңдөйлөрүнө, кан тамырга, булчуңга, тери астына жана башка куюу. Инъекция ичиргенге караганда тез таасир тийгизип, жакшы натыйжа берет. Инъекция үчүн ар кандай ийне, шприцтерди, Бобров аппараты жана башка колдонулат. Ветеринарияда малдын терисине, тери астына, булчуңга, муунга, кээде венага, сөөккө, курсакка, жүлүнгө жана башка инъекция жасалат.

Ой-пикирлер