Кирүү

Айыл чарба ишканасынын акчалай кирешеси

Айыл чарба ишканасынын акчалай кирешеси - өндүрүш бөлүмдөрүндө, көмөкчү ишканаларда чыгарылган айыл чарба продукцияларын сатуудан жана калкты тейлөөдөн түшкөн акча суммасы. Чарбанын финансылык абалы акчалай кирешесинин көлөмүнө байланыштуу. Мында кеңейтилген кайта өндүрүүнү ишке ашыруу, эмгек акыны жогорулатуу, эмгекчилердин маданий турмуш-тиричилигин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Айыл чарба ишканасынын акчалай кирешесинин суммасы сатылган продукциянын санына, сапатына жана сатык баасына байланыштуу болот. КПСС БК жана СССР МСинин "Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана даярдоону пландаштыруу, экономикалык жактан кызыктырууну жакшыртуу жөнүндөгү" токтомуна (14-ноябрь 1980-жыл) ылайык колхоздор, совхоздор жана башка өндүрүштүк бирикмелерге ашык тапшырылган бардык айыл чарба продукциясынын түрлөрүнө сатык баасын 50% ке көбөйтүү каралган. Бул айыл чарба ишканасынын акчалай кирешесинин өсүшүнө шарт түзөт.

Ой-пикирлер