Кирүү

Ачык аянтка өсүмдүк өстүрүү

Ачык аянт - жашылча же кооз өсүмдүк өстүрүүчү тосулбаган (ачык) жер. КРда жашылча менен гүлдүн 98 пайызга жакыны ачык аянтта өстүрүлөт. Суткалык орточо температура 1-5°С болуп, топурак жетилгенде (эрте жазда) Ачык аянтка шалгам, чамгыр, брюква, капуста, сабиз, ашкөк, сельдерей, пастернак, аш кызылча, салат, буурчак жана башка суукка байымдуу өсүмдүктөрдүн үрөнү себилет. Бадыраң, дарбыз, коон, ашкабак, томат, калемпир, баклажан, маш буурчак, жүгөрү жана башка жылуучул өсүмдүктөрдүн үрөнү тез өсүп жана өнүмүн үшүк албас үчүн жазында суткалык орточо температура 10-15°С болгондо эгилет. Жабык аянтта өстүрүлгөн суукка байымдуу өсүмдүктөрдүн көчөтү ачык аянтка суткалык орточо температура 5-10°С, жылуучул өсүмдүктөрдүкү - 15°С болгондо отургузулат.

Ой-пикирлер