Кирүү

Георгина өсүмдүгү

Георгина - татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк; 15ке жакын жапайы түрү бар. Мексика жана Гватемалада, Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. Европада XVIII кылымдан баштап эгиле баштаган. Эгилме георгинанын 8 миңден ашык сорту бар. Георгинанын сабагы көңдөй, борпоң, бийиктиги 35-200 сантиметр, тамыры - түймөк.

Георгинанын гүлү жөнөкөй, тармал, чала тармал; формасы, чоңдугу боюнча айырмаланат. Георгина калемчеси, уругу жана тамырынан өсүп чыгат. Күрдүү жана нымдуу топуракта жакшы өсөт. Кыргызстанда кооздук үчүн гүлзар, паркта жана башка өстүрүлөт.

Ой-пикирлер