Кирүү

Диаммофос концентраты

Диаммофос , диаммонийфосфат - фосфор-азоттуу концентрат жер семирткич. Курамында 21% азот, 53% дай Р2О5 болот. Сууда жакшы эрийт, өсүмдүк жакшы сиңирет. Диаммофос апатит концентратынын экстракциялык фосфор кислотасын нейтралдаштыруу жолу менен алынат. Диаммофос - физиологиялык кычкыл жер семирткич, себеби аммиактын нитратталышынан азот кычкылы пайда болуп, топурактын кычкылданышы артат. Негизги жер семирткич катары бардык топуракка (айрыкча кара жана боз топурактарга) чачылат. Диаммофос аралаш жер семирткичтерди чыгарууда компонент катары кеңири колдонулат.

Ой-пикирлер