Кирүү

Биофабрика дарысы

Биофабрика - малдын жугуштуу ылаңын диагноздоо, алдын алуу жана дарылоо, ошондой эле тез жетилиши үчүн биологиялык препарат (вакцина, кан сары суусу) чыгаруучу чарбалык эсептеги ветеринардык -өндүрүштүк мекеме. Мурунку ССРБ де 1930-жылдарда ветеринардык бактериологиялык лаборатория жана станциялардын базасында уюшула баштаган. Биофабрика чөйрөнүн эпизоотология шартына жараша малдын тигил же бул ылаңына каршы препарат чыгарууга адистештирилип, ошол ылаңдар боюнча илимий иштерди да жүргүзөт.

Биологиялык препараттар жасалма азыктык чөйрө, мал (жылкы, кой, эчки, коён, тоок жана башка ) жана тоок эмбриондорунан алынат. Бир эле мезгилде бир нече ылаң түрүнө каршы препарат чыгарса биокомбинат деп аталат. Кыргызстанда 1962-жылы антибиотик заводу уюшулуп, 1967-жылдан баштап аталган биокомбинат Кызыл- Аскер, Ош жана башка жерлерде да бар.

Ой-пикирлер